Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков пневмониядан каза болду. Ал быйыл 60 жашка чыкмак

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков каза болду. Бул тууралуу депутаттын жакындары билдиришти.

Кечээ, 5-июлда пневмонияга кабылган депутат Чыныбай Турсунбековдун абалы оор экендиги айтылган.

Буга улай эле Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу абалы оор экендиги тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарып, анын жубайы менен сүйлөшкөнүн айткан. "Кан басымы, дене табы, сатурациясы - баары жакшы. Үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана туруктуу", - деген ал.

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. Ал быйыл 60 жашка чыкмак.

SUPER.KG порталы Чыныбай Турсунбековдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Илдеттин айынан дүйнө салган экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун эмгек жолу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
J1irg
2020-07-07 00:35:08
Кыйынчылыкта Тенир колдоп, кырсыктан алыс кылсын. Жаткан жери жай болсун
-14
Perfekt
2020-07-07 00:35:18
Жаман болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун!
+5
Anikin83
2020-07-07 00:44:00
Аллахым билип билбей кетирген куноолорун кечирсин,олум ак,аксынбы карасынбы байсынбы кедейсинби,арбир жан олум даамын татуучу
+5
Asel69
2020-07-07 00:58:19
Жараткан Тенирим элимди колдоп, ушундай жамандыктан арылтсын.
-14
KG-zigit
2020-07-07 03:24:19
Аллахым жаткан жерин жайлуу кылсын, жакшы киши эле.
Окмот каякты карап олтурасынар карантин киргизбейсинерби, аймактарга таркап кете турган болду го
+5
asad9
2020-07-07 04:57:57
Канча корунсаң деле пайда жок. Дезинфекциялап дары чачып оорутат. Соке кырмай болду баарыбызды. Байкап көрсөңөр жалпы дезинфекциялагандан кийин баары ооруп калышты жана өлүм алдында жатышат кээ бирөөлөр өлүштү
-11
mateus
2020-07-07 10:17:46
asad9,Наоборот ооругандар көбөйүп баштаганда дезинфекцияланды
+2
Muslim_KGstana.
2020-07-07 06:08:13
Тууууй ата чатак болуптур
+3
suluktu
2020-07-07 08:33:19
Коронавирусту дарылабаса тез кундо Пневмонияны пайда кылат экен. Коронавирус жанында бактерияларды алып журот экен анан сразу опкого отуп ошол вирус пневмонияга айланып кетет экен...
+1
Arman007
2020-07-07 10:20:01
suluktu,пневманияга уже отуп адамдар каза болуп калып жатпайбы давно ковиддин алдын алыш керек болчу . окмот кыймылдабай жатат арбирибиз озубузду озубуз сактайлы жакындарыбызды Бироого ишенбегиле Аллах озу сактасын ар бир момун Мусулмандарды
+1
mateus
2020-07-07 10:20:37
Ушундай туугандар, маска кийип, дайыма жаныңарда антисептик ала жүргүлө,имараттарга киргенде аралыкты сактап маскачан киргиле. Бул оорудан миллиону барлардын байлыгы да сактабайт
+2
rola
2020-07-07 10:40:43
Алла рахматы кылсын.
0
filis
2020-07-07 10:59:14
Тенирим колдосун кыргыз элимди.
-3
fora
2020-07-07 13:12:42
Депутаттар Чиновниктер мамлекеттик медицина силерге да керек экенин тушунгон чыгарсынар ушундай бале келсе акчанда жардам бере албай калат границы жабык башкага барып дарылана албайсынар ошого оуктургуло мамлекеттик медицинаны
+1
Attila88
2020-07-07 14:30:07
Жээнбековтор атайын жуктуруп жатат косяктарын билген адамдарды. Ташиевке мисалы. Эми АДАХАН абайлаш керек.
-4
ferum96
2020-07-07 18:04:26
Аллахым оз ырахматына алып, жакындарына сабыр берсин ((
0
Mina24
2020-07-07 20:00:57
Тенирчилер кирип алганго уят Алла деп жургулочу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан