UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, америкалык 41 жаштагы мушкер Дэниел Корьме орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасынын каза болушу ага катуу сокку болгонун, эми анын беттештерге катышуусу оор болорун ESPN басылмасына билдирген.
"Абдулманап Нурмагомедовдун каза болгону абдан өкүнүчтүү. Мен Хабиб менен 1-июль күнү сүйлөшкөм (Хабибдин атасы 3-июлда көз жумган). Биз бардыгы жөнүндө сүйлөштүк. Ал атасынын ооруганын катуу тийип жатканын айтты. Мындай шартта беттештерге катышуу өтө кыйын. Ошондуктан азыр эмне болорун билбейм. Хабибдин атасы анын жашоосунда чоң орунду ээлечү. Хабиб анын көзү өткөндөн кийин эмне кыла аларын айта албайм. Ошондон бери аны менен байланышкан жокмун. Жөн гана билдирүү жаздым. Ага азыр абдан кыйын болуп турат", - деген Корьме.
Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москва шаарындагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон.