Кубатбек Боронов: "Шаар тургундарын аймактарга каттабай турууга чакырам"

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал оор. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.

"Облустарга кире бериш жерлерде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүүдө. Бишкектин жашоочуларын бул күндөрү аймактарга каттабай турууга, облустардын тургундарына коркунуч келтирбөөгө чакырам", - деп билдирди премьер-министр.

Премьер-министрдин айтымында, коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда облус аралык коомдук унаалардын (чоң автобустардын) каттамын убактылуу токтото туруу маселеси каралат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан