Бүгүн, 8-июлда Кыргыз өлкөсүнө Түркиядан 326 Кыргыз жараны кайтып келди. Аларды ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
"Биздин жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп келишти. Каттам Түркиядан Кыргыз жарандарын жана Кыргыз өлкөсүнүн Түркиянын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн уюштурулган.
Белгилей кетсек, Түркия республикасы тарабынан эл аралык авиабилдирүүлөрдүн кайра жанданышына жана чет элдик жарандардын кирүүсүнө болгон чектөөнүн жокко чыгарылышына байланыштуу, бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европа, Азия жана Африканын башка өлкөлөрүнөн биздин жарандарды Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу мүмкүн болду. Аларды чыгарып кетүү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдөн улам көп убакытка чейин логистикалык каттам уюштуруу кыйынга туруп келген", - деп жазылат маалыматта.