"Коронавирустан каза болгондорду жана айрым оор абалдагыларды анализдеп, оорулардын таржымалын карап чыкканда, өз алдынча дарылануу фактылары кездешти. Бул оорунун күчөшүн, жаман жакка бурулушун шарттайт, алардын көбү жандандыруу бөлүмүнө түшүп калууда. Арасында ар кандай чөптөрдү кайнатып ичкендер бар, өз алдынча дарыланууга болбойт. Оорунун белгилери аныкталары менен бизге кайрылып, дарыгерлерди чакырыңыздар", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Ал бүгүнкүгө карата дагы 52 адамдан илдет табылганын айтты.