түгүл ата-энесин жерге берүүгө катыша алышпайт". Өзбекстан дагы жарандарына катаал чектөө киргизди

Өзбекстандын жарандары башка аймакта алардын жакындары каза болуп же ооруп калган учурда дагы өз үйлөрүнөн чыга алышпайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиясовдун пикирине шилтеме берип жазып чыгышты.

Республиканын башка аймактарына барууга тыюу салына турганын президенттин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинде өткөн брифинг учурунда Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов билдирген.

Анын айтымында, республикада карантиндик чектөөлөр эл аралык тажрыйбага жана талаптарга негизделип жасалып жатат.

"Эрежелер баарына бирдей, ал эреже жарандардын жакын туугандары каза болгондо да колдонулат. Ушул себептен жарандар башка аймакта жакын туугандарынын, атүгүл ата-энесинин сөөк коюусуна да катыша алышпайт", - деп билдирген Шохрух Гиясов.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси түшүндүргөндөй, бейтаптар ооруканадан чыккандан кийин каттоодо турган жерине кайтып келе алышат. Бул үчүн жарандар каттоону тастыктаган паспорт жана дарыгерлерден анын ден соолугунун абалы жөнүндө тиешелүү корутундусу керек.

"Ошол эле учурда коштоочу бейтапты катталган жерге жеткирүүгө уруксат берилген, бирок ал карантин аяктаганга чейин кайтып келе албайт. Мисалы, эгерде бир адам катуу ооруп жаткан адамды Ташкент шаарынан аймакка алып барса, анда ал аймакта карантин мөөнөтү аяктаганга чейин калууга аргасыз болот", - деп кошумчалаган ал.

Ал жарандардан коопсуздук чараларын түшүнүүнү жана карантин талаптарын сактоону суранган.

Эске салсак, Өзбекстанда карантин коронавирустун жайылышына байланыштуу 16-мартта башталган.

27-марттан тарта Өзбекстандын жашоочуларына сыртка чыгууга тыюу салынган. Адамдар үйдөн тамак-аш же дары сатып алуу үчүн гана чыга ала турганы айтылып, чектөө киргизилген.

2-апрелге карата өлкөдө коронавирус менен жабыркап жаткандардын саны 190 адамды түздү. 12 адам толугу менен айыкса, 2 адам көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2020-04-02 17:16:05
Бир жагынан туура эле кылыптыр. Ашыкча чыгым да болбойт. Элдин ден соолугу коопсуздугу да биринчи орунга коюлат.
+3
algakaray
2020-04-02 17:41:06
Биздин менталитет бойунча жетилиги, кырк, ашы деп эле канча чыгым, убакыт кетирип журобуз да. Барбай койсок болбойт да десек, башкаларды да ойлош кк болуп атат. Айла жок эми башка ушундай кун тушту чыдап туралы. Батыраак отуп кетсин оору. Бут дуйно жузу айтып атат бир эле коргонуу уйдо болгула деп. Значит, туура да. Кайдыгерликти таштап, башканы да ойлойлу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан