Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарында ачылган күндүзгү стационарлардын бирине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева жарандарды кабыл алуунун, алгачкы жардам көрсөтүүнүн бардык шартын айтып берди. Бейтаптардын ыңгайы үчүн стационардын аймагында дарыкана дагы иштеп жатканын кошумчалады. Дарыгер күндүзгү стационарлар түзүлгөндө, кемчиликтердин баары иликтенип чыкканын белгилеп, медкызматкерлер бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздалганын маалымдады.
Дарыгерлер менен баарлашууда Сооронбай Жээнбеков борбор калаада стационарлар өз маалында ачылгандыгын белгиледи. Анткени буга чейин жарандар медициналык кеп-кеңеш жана алгачкы жардамга муктаж болуп, эл арасында тынчсыздануу жаралган.
Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо системиндеги көйгөйлөр баарына эле белгилүү экенин, маселе Коопсуздук кеңештин кароосуна даярдалып жатканын белгиледи. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ал маселе кийинчерээк каралат. Президент кандай гана кырдаал болбосун саламаттыкты сактоо системин санариптештирүү процесси токтоп калбастыгын жана жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.
Ал жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө жана акчаларды көмүскөдөн чыгарууга, натыйжада медиктердин айлык акысын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө санариптештирүүнүн мааниси чоң экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы баарлашууда дарыгерлерге өз жанын аябай, жасап жаткан эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.
"Мен өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле биздин дарыгерлердин кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем. Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, сиздер мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Мен силердин көзүңөрдөн чарчап-чаалыгуу, коркууну эмес, жалынды, мээримдүүлүктү жана ишенимди, элге жардам берейин деген каалоону көрүп турам. Бул мага дем берет. Биз баарыбыз биримдикте кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем", - деди Жээнбеков.