АКШнын 11 президентине кызмат кылган Уилсон Рузвельт Жерман 91 жашында коронавирус инфекциясынан улам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жерман 1957-жылы Дуайт Эйзенхауэр президент болуп турган убакта Ак Үйгө жумушка үй кызматкери катары орношкон. Аны 35-президент Жон Кеннединин жубайы Жекки Кеннеди байкап калып, чарба иштерин көзөмөлдөгөн жетекчи кылып дайындаган. Ошондон бери канча президент алмашса да кызматын так аткарып келген Уилсон Жерман 2012-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Көп жыл мурун АКШнын биринчи айымы Мишель Обама "Becoming. Менин тарыхым" аттуу мемуар китебине Жермандын сүрөтүн да кошкон. Жерман тууралуу биринчи айым "Уилсон Жерман ак көңүлдүүлүгү, камкордугу менен ондогон жылдар бою президенттердин үй-бүлөсүнө чын дилинен кызмат кылды. Ал баарыбызга Ак Үйдө өз үйүбүздө жүргөндөй сезим тартуулады" деген.