Коңшу Казакстанда COVID-19 илдети бир суткада 1 миң 962 адамдан аныкталды. Бул жөнүндө өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, аталган өлкөдө бир сутка ичинде 1 миң 962 адам вируска кабылган. Алардын ичинен 753үндө вирустун симптомдору бар болсо, 1 миң 209у вирустун симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон. Инфекция аныкталгандар Атырау облусунда (658), Алма-Атада (177) жана Караганда облусунда (150) калгандары башка аймактардан катталган.
Коронавирус инфекциясына кабылган күндөн баштап Казакстанда 53 миң 21 адам вируска кабылган. Алардын ичинен 35 миң 137си сакайса, тилекке каршы 264 бейтап каза болгон.