Тулалык купальникчен медайым дүйнөгө таанылып, "ысык медайым" атка конду

Орусиянын Тула облустук ооруканасынын купальниктин үстүнөн жука коргоочу кийим кийген медайымы "ысык медайым" атка конду. Интернет айдыңында аны колдогондор көбөйүп, дүйнөлүк басылмалар ал тууралуу жазышууда.

Буга чейин ооруканага купальниктин үстүнөн коргоочу костюм кийип талкууга калган тулалык медайым тууралуу жазылган. Ага мындай жоругу үчүн жетекчилик тарабынан сөгүш берилгени айтылган эле. Окуя ошону менен тынчып калбай, медайым тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып, жадакалса анын сүрөтүн тартып башташты. Тез арада интернет жылдызына айланган медайымдын аты-жөнү да аныкталып, ал 23 жаштагы Рязан медициналык университетинин бүтүрүүчүсү Надежда Жукова экендиги маалымдалды. Надежда күтүлбөгөн жерден келген атактуулукка чыдабай, жумушунан өргүү алганы белгилүү болду.

Жоругу менен сынга алынган Надежданы колдогондор да көп болууда. Тула облусунун губернатору Алексей Дюмин өзү ага байланышып, эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдиргенин айткан. Ал эми Тула облустук оорукананын башкы дарыгери Анна Савищева "биз кызматкерибизге эч кандай сөгүш берген жокпуз" деп буга чейинки айтылган маалыматтарды төгүндөгөн. Ошондой эле Тула облусунун саламаттыкты сактоо министри Алексей Эрк "медайымга эмгеги үчүн рахмат айтам. Чынында жумушу оор. Тилекке каршы, жашообузда ушундай жагымсыз учурлар болуп турат экен", - деген пикирин билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2020-05-23 15:46:29
Биздикилер да кийингиле , жөн жатпай ырахат алып жатышсын больныйлар. Эми Супер Инфо чыгарып жаткандан кийин , кылышат да буну окугандар көргөндөр. Бундай нерсени чыгарбайле койсоңор эмне болот ? Өзү бузулуп бараткан заман болтат
+9
Baatirbek81
2020-05-24 10:02:46
Өлйүн деп жаткан адам туруп кететко.
Же дүйлүгүп барып оорусун сезбей калат))))
+3
Mirlan27011987
2020-05-24 14:11:24
Фигура зынк экен го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан