"Арасында жаш балдар бар". Ошко Санкт-Петербургдан Кыргыз жарандары учуп келди

Бүгүн, 9-июлда “Ош” эл аралык аэропорту "Урал авиалиниялары" авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Аталган каттам менен 184 Кыргыз жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуучу авиа каттамдардын токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын президенти жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылган.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси өз ара ыкчам штабында Санкт-Петербург шаарында жашаган, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттеринен, кыргыз студенттеринин бирикмелеринен, Орусиядагы элчиликтин кеңсесинин жана Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Ардактуу консулдугунун кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындары каза болгондор жана оор турмуш кырдаалына кабылгандар киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mital.89
2020-07-09 22:24:21
Коротабыз шапкасы барлар деле кетотат.
+1
Nurik1988
2020-07-10 14:15:05
Россияда Кыргыз консулдары особняк алыша баштады, Ким акча берсе ошол кетип атат Кыргызстанга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан