Бүгүн, 27-июнга карата дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 9 миллион 905 миң 554 адамга жетти.
Тилекке каршы, бул илдеттен 497 миң 359 адам көз жумду. Ал эми дүйнө жүзү боюнча бул ооруну 5 миллион 387 миң 48 адам жеңди.
Оору жугузгандардын ичинен 2 миллион 552 миң 956 адам АКШда катталган. Бул көрсөткүч менен АКШ дүйнөдө оору эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында турат. Андан кийин Бразилия - 1 миллион 280 миң 54 адам менен экинчи орунда турат. Орусияда 621 миң 527 адамдан вирус аныкталып, тизмеде 3-орунга жайгашкан. Индия 509 миң 446 адам, Улуу Британия 309 миң 360 адам менен турат. Айта кетсек, бул көрсөткүч саат сайын өзгөрүп, ооруга чалдыккандардын саны күнүнө дээрлик 200 миңге көбөйүүдө.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.