"Студенттер дагы бар". Ошко Екатеринбургдан 243 Кыргыз жараны учуп келди

Бүгүн, 10-июлда “Ош” эл аралык аэропорту "Урал авиалиниясы" авиакомпаниясынын Екатеринбург-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул каттам менен өлкөгө 243 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынын жайылышынан улам чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиакаттамдардын токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, Кыргыз өлкөсүнүн президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

Бул каттам менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын студенттери, өлкөгө кайтып келүүгө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Магнитогорск, Салехардда жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана "Урал авиалиниясы" авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан