Өлкөдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал боюнча онлайн маалымат жыйын өттү. Ага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келип, жаңы жагдайлар тууралуу маалымат берди.
Суроо: Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууганынан коронавирус аныкталганы чынбы?
Жооп: "Тотонов жүк ташуучу унаа менен санитардык-карантиндик посттон өтүп жатканда андан коронавируска тест алынган. Тесттин жыйынтыгы инфекциянын бар экенин тастыктады. Бүгүнкү күндө Тотонов менен байланышта болду делинип 26 киши текшерүүгө алынды".
Суроо: "Күч түзүмдөрүнүн канча кызматкеринен коронавирус аныкталды?
Жооп: "Бүгүнкү күнгө карата күч түзүмдөрүнүн 82 кызматкеринен инфекция аныкталды. Анын 33ү айыкты, калгандары стационарларда калууда".
Суроо: Улуттук онкология жана гемотология борборунда коронавирус кантип аныкталды?
Жооп: "Панфилов районунун тургуну оорунун белгилерин байкап, жергиликтүү медициналык жайга кайрылган. Сурамжылоо жүргүзгөндө ал небереси менен 11-майда онкология борборунда болгону аныкталган. Бүгүнкү күндө дагы изилдөөлөр жүргүзүлүүдө".
"Социалдык аралыкты сактабагандан улам ооруну жуктургандар көбөйүп жатат. Бишкек шаары боюнча 348 тургундан инфекция аныкталса, ооругандардын ичинен 52 киши ооруну сырттан алып келген. Калгандары оорулуулар менен байланышта болгондор. Ал эми Нарынга 3 жаран сырттан коронавирус болуп келген. Калган 239 жаран оорулуулар менен байланышта болгондор.
Дагы бир жолу жарандарга кайрылып, социалдык аралыкты сактап, бардык талаптарды аткарууга чакырам", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Стационарларда 387 бейтап калууда, алардын ичинен 4 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Оорулуулар менен байланышта болгондор өтө көп болууда. Анткени айрымдарында илдеттин белгилери жок өтүп жатат. Ошондуктан, социалдык аралыкты сактоо керек. Мисалы, Нарындан Ак-Талаага жумуш менен барып, бир канча кишиге ооруну жуктуруп келген. Арасында мектеп окуучулары, улгайган курактагы адамдар бар. Ошондуктан, гигиеналык шарттарды сактап, эрежелерди так сактайлы".
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:
Бишкек шаары – 2;
Нарын шаары – 1.
Ал эми стационардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.
Республика боюнча 273 медкызматкерге COVID-19 диагнозу коюлуп, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Дагы 37 жарандан инфекция аныкталды. Алар:
Бишкек шаары – 6 (+ 3 Санкт-Петербургдан келгендер);
Чүй облусу - 1 (Соль-Илецктен келгендерден);
Ош облусу - 6;
Нарын облусу - 21.
Муну менен жалпы 1 350гө жетти.
Сутка ичинде 20 жаран коронавирустан айыгып, стационарлардан чыгарылды.
Айыккандар:
Бишкек шаары - 9;
Нарын облусу - 7;
Жалал-Абад облусу - 2;
Баткен облусу - 1;
Ысык-Көл - 1.
Жалпы 949 бейтап айыкты.