Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 9 миң 974 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 93 адам каза болсо, 5 миң 527 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган 9 миң 974 адамдын ичинен:
Москва шаарында - 4 миң 712;
Москва облусунда - 918;
Санкт-Петербург шаарында - 460;
Нижегород облусунда - 238 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 252 миң 245 адамдан вирус аныкталды. 2 миң 305 адам каза болсо, 53 миң 530 бейтап айыгып чыкты.