Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 611 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 188 адам каза болсо, 8 миң 378 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 678;
Санкт-Петербург шаарында - 296;
Свердлов облусунда - 280;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 268 адам, калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 720 миң 547 адамдан коронавирус аныкталды. 11 миң 205 адам каза болсо, 497 миң 446 бейтап айыгып чыкты.