Италияда жашаган Гүлсана Сарногоева: "Фолиньо шаарында бир эле супермаркет иштеп жатат" (маек)

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус учурда дүйнөнүн 120га чукул өлкөсүндө катталды. Вирустун экинчи очогу болгон Италияда жабыркаган адамдардын саны 15 миңден ашты. Ал эми коңшу Казакстанда беш адам аталган вирусту жуктуруп алганы анык болду. Алардын бирөө Италиянын Милан шаарынан учуп келгенин казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бул өлкөдө Кыргыз жарандары дагы жашагандыктан, SUPER.KG порталы алар менен байланышты. Италиянын Фолиньо шаарында беш жылдан бери жашаган Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева абал тууралуу айтып берди.

"ФОЛИНЬО ШААРЫНДА БИР ЭЛЕ СУПЕРМАРКЕТ ИШТЕП ЖАТАТ"

- Биз жашаган шаарда коронавирус менен жабыркагандар башка шаарга салыштырмалуу аз. Шаарда чынында калаа бийлиги жакшы иштеп жатат. Алар бардык жерлерди жаптырып коюшкан. Бир эле чоң супермаркет ачык. Бирок ал жакка дагы топ эмес, бирден гана адам барып, керектүү азык-түлүктөрүн алып келсе болот. Мындан сырткары дарыкана, почта жана банк иштеп жатат. Эгер алдыңдан башка адам чыгып калса аны менен аралык 1-2 метрден жакын болбошу керек. Биз жакта эреже аябай сакталат жана эл дагы мыйзамга катуу баш ийишет.

"КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ БАРБАСЫН ДЕП ТИЛЕК КЫЛЫП ЖАТАМ"

- Жеке өзүмө келсем, үйдөн чыкпай отурам. Үйдө отурганда бош убактымды көбүнчө кыргыз тилиндеги жана италян тилиндеги китептерди окууга арнап жатам. Мындан сырткары сыналгы көрөм, топу токуйм, үй жумуштары менен алектенем жана Бишкектеги туугандарым менен байланышып, сүйлөшөм. Негизгиси Кыргыз өлкөсүнө бул вирус барбаса экен деп тилеп жатам. Аны менен бирге вирус жуктуруп, жабыркаган ар бир адамга ден соолук тилеп, айыгып кетүүсүн үмүт кылуудамын.

Ээнсиреген Фолиньо шаарынын көчөсү.

"БАШЫНДА ВИРУСКА КАЙДЫГЕР КАРАП ЖАТЫШКАН"

- Мен жашаган шаарда медицина кызматкерлери ар бир жаранга жекече мамиле жасап, ал-акыбалын сурап турушат. Шаарда эреже абдан жакшы сакталып жатат. Канчалык эреже сакталса, бардыгы ордуна келе турганын жашоочулар аңдап-билгендей болушту. Башында айрымдары “ой, эч нерсе эмес” деп маани бербей, вируска кайдыгер карап жатышкан болчу. Азыр болсо элдин баары түшүнүп, чынында коргонуп калышты. Бул абдан олутту вирус экен. Бир киши ооруса эле акырындап башкаларга тарап жатканы көпчүлүктү кооптондурууда.

"ШААРДА КЫЙМЫЛ ТОКТОП, ЭЭНСИРЕП КАЛДЫ"

- Негизи Италияда коронавирус менен ооругандар чынында абдан көп. Бул вирус башында түндүк жакта жашаган 38 жаштагы кишиден башталып, андан ары башкаларга жуккан. Бирок мен жашаган шаарда баары тынч жана абал туруктуу. Бийлик тараптан көчөгө чыгууга тыюу салынгандыктан, шаардын кең көчөлөрү ээнсиреп калды. Абал бат эле эл толгон шаарды жымжырттыкка бөлөп, ээнсиретип жиберди. Бүгүн терезеден бир саамга чейин сыртка көз чаптырып карап турдум, бирок бир да кыймыл байкалган жок.

Ээнсиреген Фолиньо шаарынын көчөсү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars88
2020-03-14 13:54:09
Журналистер элди дурботуп атасынар ушундай жанылыктарды чыгарып.Ана бугун айтып атышат продуктыларды талап атышат дейт.Ушу убака чейин жетип келген продукта жетпей калмак беле.Сатуучулар жыргады кымбаттатышып
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан