Франциянын Байонна шаарында коомдук транспорттун айдоочусу Филипп Монгийо үч жүргүнчүнү бет кап тагынгыла деп айтканы үчүн токмоктолуп каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 5-июлда болгон. Монгийо автобуска түшүп бара жаткан үч кишиден коргоочу бет кап кийүүсүн суранып, дагы бирөөсүнүн билетин текшерүгө аракет кылган. Мындан улам бет капсыз үч адам айдоочуну ур-токмокко алышып, ал эс-учун жоготуп жатып калганда качып кетишкен.
Айдоочуну сабагандардын экөө 22, бирөө 23 жашта экени белгилүү болду. Дагы эки адам айдоочуга жардам берген эмес деп айыпталып, камакка алынган.
Байонна шаарында маркумдун туугандары тарабынан эскерүү маршы уюштурулуп, ага 6 миңге жакын адам катышты. Ошол эле күнү кечинде Париж, Бордо жана Страсбург сыяктуу бир нече шаардагы коомдук транспорттун айдоочулары маркум кесиптешин эскеришип, бир мүнөткө автобустарды токтотуп турушкан.