Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Анда Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда 137 тартип бузуулар орун алганын кабарлады.
25-март саат 20:00дөн тарта 26-март саат 07:00гө чейин Бишкек шаары боюнча - 193, 27-март саат 07:00гө чейин - 146, 28-март саат 07:00гө чейин - 157 жаран кармалган. 30-март саат 07:00гө чейин - 122 жаран кармалган.
Бүгүн, 31-мартта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бир катар кошумча буйруктарга кол коюлду. Уруксат кагазын электрондук түрдө алуу иштеп баштады.
Жеке унааларды шаар аймагына жөнсүз айдап чыкпоо;
Жакындарыныкына, кошуналарына жана башка тааныштарыныкына конокко барууга тыюу салынат;
Өспүрүмдөрдүн көчөгө өз алдынча чыгуусуна (чоңдордун коштоосунда гана) тыюу салынат;
Бир үй-бүлө мүчөлөрү болбосо, анда 3 кишиден ашык болуп топтолуп жүрүүгө тыюу салынат;
Айрым ишканалардан башкасынын иши убактылуу токтотулат.
Кечээ, 30-мартта коомдук коопсуздукту сактоо максатында жөө патрулдук кызматы түзүлгөн. Алардын ичинен Биринчи Май району боюнча 55, Октябрь району боюнча 120, Свердлов району боюнча 80 жана Ленин району боюнча 81.
“31-мартка карата саат 07:00гө чейин борбор калаада 137 тартип бузган жаран кармалды. Алардын 18и аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган”, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.