"Ухан вирусу": АКШда коронавирус аныкталган адамдардын саны 5 жарым миллиондон ашты

Бүгүн, 20-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 22 миллион 262 миң 946 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 14 миллион 250 миң 202 бейтап айыгып чыкса, 784 миң 107 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 525 миң 235 адамдан коронавирус аныкталды.172 миң 970 адам каза болсо, 1 миллион 925 миң 49 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 3 миллион 407 миң 354 адамдан аныкталды. 109 миң 888 адам каза болсо, 2 миллион 801 миң 931 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 767 миң 273 адам вируска кабылган. 52 миң 889 бейтап көз жумса, 2 миллион 37 миң 870 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан