Арменияда 15-сентябрдан баштап мектептер ачылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн билим берүү министри Араик Арутюнян билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Арменияда март айынан бери жабык турган мектептер 15-сентябрдан баштап ачылат. Мындан сырткары кесиптик колледждер, музыкалык мектептер окуучуларды кабыл ала баштайт.
"15-сентябрдан баштап окуу имараттары өз ишин жандантат. Алар бала бакча, мектеп жана музыкалык колледждер", - деген Араик Арутюнян.
Ал эми жогорку окуу жайлар боюнча чечим кийинки аптада каралары белгиленет.
Өлкөдө эпидемиология башталгандан бери 40 миң 433 адам илдетке кабылган. Алардын арасынан 796 бейтап кайтыш болгон.