Акыркы сутка ичинде республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 696га өстү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары - 339;
Ош шаары - 10;
Чүй облусу – 84;
Ош облусу – 44;
Талас облусу - 14;
Нарын облусу - 15;
Ысык-Көл облусу – 50;
Жалал-Абад облусу – 89;
Баткен облусу - 51.
Илдеттен жабыркагандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 166 миң 236 адамды түздү.
Ал эми соңку 24 саат аралыгында айыгып чыккандардын саны 1681 болуп, илдетти жеңгендердин жалпы саны 150 миң 852ге жетти.