Кыргыз өлкөсүнүн Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп Нурлан Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Абдрахманов Нурлан Асейинович Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу болуп дайындалды деп айтылат маалыматта.
Нурлан Абдрахманов буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп келген.