Нурболот Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду", - деп жазылат маалыматта.