Казакстанга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери пневмонияны изилдөө үчүн келишет

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери Казакстанга пневмония көп катталып жаткандыгына байланыштуу ооруну изилдөө үчүн келишет. Мындай маалыматты ДСУнун жетекчиси Кэролайн Кларинваль билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кытайдын Казакстандагы элчилиги өз сайтында Казакстанда жайылып жаткан белгисиз пневмониядан сак болууга үндөгөн билдирүү жарыялаган. Анда пневмониядан өлүм коронавируска салыштырмалуу көп катталып жаткандыгын кошумчалаган. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы белгисиз пневмония жөнүндө маалыматты четке каккан, ал эми ДСУ пневмониянын келип чыгышынын себеби COVID-19 деп божомолдогон.

"Менин оюмча, шашылыш жыйынтык чыгарууга болбойт. Ооба, июнь айынын башында пневмонияга кабылгандардын саны көбөйгөн жана бизге абалды жөнгө салуу тапшырмасы берилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы муну менен иш алып барат. Мындай билдирүү ЖМКнын көңүлүн бурду. Бирок биз жыйынтык чыгруудан мурун ага жетиштүү деңгээлде анализ жүргүзүшүбүз зарыл", - деген Кларинваль.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-07-14 13:28:15
Бизге да келгилечи жардам бергилечи аакыбалыбыз оор болуп атат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан