Бүгүн, 13-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 91 миллион 559 миң 238 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 50 миллион 587 миң 19 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 961 миң 130 (+17187) адам илдеттен каза болгон.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 22 миллион 835 миң 71 болду. 380 миң 555 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 479 миң 179 адамдан аныкталды. 151 миң 327 адам каза болсо, 10 миллион 111 миң 294 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.