"Ухан вирусу": АКШда коронавирус аныкталган адамдардын саны 3 жарым миллионго чукулдады

Бүгүн, 15-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 13 миллион 273 миң 537 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 367 миң 119у айыгып чыкса, тилекке каршы 577 миң 6 бейтап каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 426 миң 53 адамдан коронавирус аныкталды. 136 миң 458 адам каза болсо, 1 миллион 49 миң 98 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 1 миллион 946 миң 824 адамдан аныкталды. 74 миң 133 адам каза болсо, 1 миллион 323 миң 425 бейтап айыкты.

Ал эми үчүнчү орунда Индия. Индияда 906 миң 752 адам вируска кабылган. 23 миң 727 бейтап көз жумса, 571 миң 460 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан