Москвада акыркы бир суткада 434 адам коронавирус жуктуруп алды

Орусиянын борбору Москва шаарында акыркы бир суткада 434 адам коронавирус оорусун жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын сайтына жарыяланган.

Бул көрсөткүч менен 17 миллион адам жашаган Москва шаарында жалпы 3 миң 357 адам коронавирус менен ооруп жатат жана 24 бейтап бул оорудан каза болгон. Шаардагы 168 адам бул оорудан толук айыгып чыкты.

Акыркы маалыматтар боюнча Орусияда жалпы 4 миң 731 адам бул оору менен ооруп жатат жана 43 адам илдеттен каза болсо, 333 адам айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sirenaaaaa
2020-04-04 17:48:45
Кыргызстандын эли Москванын элинин 3тон 1ин тузот экен.
+2
KalenAlmaz
2020-04-04 18:05:39
Бул кетиште уйдо жатып соо адам да ооруп калдык го,болгону алакандай 6 милион калкы бар элди кимиси оору кимиси соо екенин тактай албадык алигиче,шайлоо десе ар бир уйду туроо кыдырып буту куйгон тооктой кыдырасынар,элдин 70пайызы кунумдук кана оокат таап иштеген адамдар,качанкыга чейин эшек минерлердин шалаакылыгынын айынана ел азап чегиш керек!!!
+5
Kairat1996
2020-04-04 19:08:52
Бизде Пакистан, Аравиянын тоо таштарына барып сыйынганды токтотуш керек.
-9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан