Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 75 кызматкери пневманияга чалдыккан. Мындай маалыматты бүгүн, 16-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"1-майдан бери пневмония менен ооруган 33 адам сакайса, бүгүнкү күнү 42 бейтап амбулатордук бөлүмдө дарыланууда. Бардыгы болуп 75 кызматкер пневманияга чалдыккан.
Учурда күнүнө дене табы көтөрүлгөн 100-150 адам кайрылышууда. Аларды көзөмөлдөп 7 дарыгер, 6 медайым иштөөдө. Кээде дарыгерлер күнү-түнү күзөттө туруп, андан кийинки күнү да иштеп жатыша", - дешти мекемеден.
ЖАМКдан канча кызматкер COVID-19 илдетине чалдыкканы боюнча маалымат берген жок.