Бишкекте дары-дармектердин баасын жогорулатып саткан дарыкана аныкталды. Бүл тууралуу бүгүн, 17-июлда Финполдун (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы) маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Юлиус Фучик көчөсүндөгү дарыканалардын биринде Гепарин ампуласы 435 сомдон сатылып жатканы аныкталган.
"Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесиндеги 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде, Бишкек шаарында жайгашкан дарыканада Гепарин препаратына контролдук сатып алуу жүргүзүлгөн. Тагыраагы, кызматкерлер Гепаринди сатып алышканда бир ампуланын баасы 435 сомду түзгөн. Дарынын туруктуу баасы 300 сомдон ашпаш керек болчу. Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.
Финпол эскертет! Пандемия шартында дары-дармектердин баасын жогорулатып саткан, мыйзам бузган фармкомпаниялардын жана дарыкана пункттарынын, дарыкана күркөлөрүнүн аталышы толук жарыяланат.