Нарын облусуна өкмөт тарабынан бир реанимобилдик "Тез жардам" унаасы берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Мындан тышкары, облуска 30 даана концентратор жана 80 даана пульсоксиметр аппараты берилген.
Медициналык жабдуулар саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилигине өткөрүлүп берилип, комиссиянын бөлүштүрүүсү менен зарыл болгон ооруканаларга жиберилет.