Нарында Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Дагы экөө укук коргоо кызматкери экени белгилүү болду

Сутка ичинде Нарын облусунда 8 жарандан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 6 бейтап Мамлекеттик каттоо кызматынын жер ресурстары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Нарын облусундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мындан тышкары 2 укук коргоо кызматкеринен инфекция аныкталды", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан