"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясынан 605 миңден ашуун бейтап каза болду

Бүгүн, 20-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 14 миллион 438 миң 838 адам жуктуруп алды. Анын 8 миллион 105 миң 360 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 605 миң 50 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 763 миң 395 адамдан коронавирус аныкталып, 140 миң 477 адам каза болсо, 1 миллион 131 миң 121 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 98 миң 389 адамдан аныкталды. 79 миң 488 адам каза болсо, 1 миллион 459 миң 72 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 77 миң 781 адам вируска кабылган. 26 миң 816 бейтап көз жумса, 677 миң 423 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан