Бишкек шаарындагы стационарларда бейтаптардын саны азаюуда

Бишкек шаарындагы стационарларга кайрылган бейтаптардын саны күн сайын азаюуда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, бир апта мурун шаардагы күндүзгү стационарларга күнүнө дээрлик 5 миң адам кабыл алынып жаткан. Кечээ, 19-июлда 3 миң 489 бейтап тамчылатма дары жана дарыгердин кеңешин алып, 16 бейтап ооруканага жаткырылган.

19-июлга карата күндүзгү стационарлар жалпы 57 миң 725 адамды кабыл алышты. Алардын ичинен 38 миң 333 бейтап тамчылатма дары алса, 14 миң 103ү дарыгерлердин кеңешин алып, 279 бейтап ооруканага жаткырылды.

19-июлдан 20-июлга караган түнү шаардагы үч түнкү стационарларга 665 адам кайрылып, бир бейтап ооруканага жаткырылды. Түнкү стационарлар беш күн ичинде 3 миң 74 шаар тургундарына жардам беришкен.

Шаардагы 13 күндүзгү стационарлар эртең мененки 08:00дөн кечки 20:00гө чейин бейтаптарды кабыл алат. Калган убакытта 3 түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл алышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
erkinali858585
2020-07-20 11:27:29
Оозуңарга сары май. Аллахым баарыга шыпаа берсин
+5
Rahim76
2020-07-20 11:40:23
Оо азайып эле кетсин.Кыргызым жакшы кундорду королу.
+5
Bakytbek88
2020-07-20 12:39:35
Болушу мумкун уйдо даарылангыла деп таблетка жазып жиберсе болотта
+3
Tymar
2020-07-20 13:04:02
Жараткан Тенирим колдоп, жакшылыктар гана болсун олкобуздо.
-2
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-20 13:14:34
Чынында Бишкекте ооругандар азайып баратат буюрса! Тааныштардын кобу ооруп айыгышты. Каза болгондор гана болбосо, коркунучтуу деле эмес экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан