Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев каза болду

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу анын жакындарына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Анда Жыпар Жекшеев Улуттук госпиталда коронавирустан дарыланып жаткандыгы, 21-июлга караган түнү көз жумганы айтылат.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган.

Ал Кыргыз мамлекетиндеги демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө салымын кошкон, ошондой эле “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Маркум 2017-2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жыпар Жекшеевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

74 жашында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев дүйнө салды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2020-07-21 10:09:53
Жатканы жери жайлуу,топурагы торко болсун!
Жайы жаннаттан болсун...
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан