Медицина кызматкерлерине 5 айдын ичинде жалпы 807 миллион сом компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев билдирди.
"Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда иш милдеттерин, кесиптик вазийпаларды аткаруу учурунда коронавирус жуктуруп алгандар 200 миң сом, каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом белгиленген.
Атайын түзүлгөн комиссия төмөндөгү документтердин негизинде чечим чыгарат:
3-августка карата коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринен 40тай арыз келип түштү. Анын ичинен 4 арыз боюнча акча каражаты которулду. Калган документтери далилденбеген үчүн кайтарылган. Коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин өкүлдөрүнүн эки үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилген. Комиссия тарабынан башка учурлар да каралууда. Саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлерге жана эпидемиянын алдын алуу боюнча күрөшүүгө атайын тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөр 5 ай ичинде министрлик тарабынан медицина кызматкерлерине жалпы 807 миллион сом компенсация төлөнүп берилди", - дейт ал.