Коронавирустун өлкөлөрдөгү жайылуу ылдамдыгын таблица менен көрсөткөндө

Коронавирус COVID-19 инфекциясынан жабыркагандардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 жарым миллиондон ашты. Тагыраагы, бүгүн, 11-апрелге карата дүйнө жүзүндө бул вирус менен жабыркагандардын саны 1 миллион 696 миң 139га жетти. Ал эми айыккандардын саны - 376 миң 200 болсо, каза болгондор - 102 миң 669 адам.

Коронавирустун жайылуусу боюнча биринчи орунга АКШ чыкты. Ал жакта коронавирус менен 503 миң 177 жаран жабыркап жатат. Экинчи орунда Испания, бул өлкөдө 161 миң 852 адам вирусту жуктурганы аныкталды.

Коронавирустун жайылышы, андан каза тапкандар жана айыккандардын саны дүйнө мамлекеттеринде ар кандай деңгээлде өөрчүп жатат. Кайсы мамлекетти вирус тездик менен каптап, кайсы өлкөдө ооругандардын саны азайып жатат? Статистиканы окуп жетишпегендер үчүн таблицадан көрсөңүз болот. Анда бир катар өлкөлөрдө вирустан жабыркагандар, каза тапкандар жана айыккандардын саны менен бирге вирустун жайылышынын деңгээли көрсөтүлгөн.

Кыргыз өлкөсүндө 11-апрель саат 10:00гө карата коронавирус менен дагы 41 жаран ооруп жатат. Мындай статистиканы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Муну менен оору жуктургандардын саны 339 адамга жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
omka100514
2020-04-11 18:22:09
Россия менен Туштук кореянын корсоткучтору бирдейго
+5
kuttubekuzgen
2020-04-11 20:12:20
Туштук корея менен германия пиктен отуптур, калгандары белгисиз кандай болот.
+4
rysik79
2020-04-11 20:47:34
Олгон турбайбы
+2
Merch
2020-04-11 23:14:05
Монголиянын ооругандары төрткө түшүш керек эле го
+3
Nuret94
2020-04-12 03:35:09
Merch,жалпылап айтканда 16
0
Usow
2020-04-12 06:54:31
Испанияда ооругандардан олгондор копго бул кандай эсеп
+1
Mister-X
2020-04-12 17:43:22
Туштук Кореяда ооругандар азайып,айыккандар кобойуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан