UFC уюму Хабиб Нурмагомедовду колдоого алды

UFC уюмунун башчысы Дана Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасынын көзү өтүп кеткендигине байланыштуу мушкерди колдоого алды. Колдоо сөзүн Дана Уайт пресс-конференция учурунда айткан.

"Бул окуя абдан коркунучтуу болду. Хабиб атасына канчалык жакын болгонун баарыбыз билебиз жана ал үчүн тынчсызданабыз. Биз ага бул чоң жоготуудан кийин өзүнө келиши үчүн убакыт беребиз", - деген Уайт.

Ошондой эле ал UFC уюму Нурмагомедов менен күзүндө сегиз бурчтукка кайтып келүүсү боюнча эч кандай макулдашуу жок экендигин баса белгилеген. Ал Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин беттеши пландаштырылганын айтты.

Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москвадагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан