"Карантин учурунда лөлү тектүүлөрдүн абалы кандай болуп жатат?" деген суроого Ош облусунун башчысы жооп берди

Бүгүн, 14-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы акыркы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында "лөлү тектүүлөрдүн айылында абал кандай. Аларга дагы азык-түлүк берилдиби? Алар күнүмдүк тамагын табуу үчүн эле топ-тобу менен тиричилик кылып келишкен" деген суроо берилди.

Буга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев төмөндөгүдөй жооп берди.

"Албетте, ар бир айыл көз жаздымда калган жок. Калкыбыздын ар кандай катмарлары менен иштеп жатабыз. Аларга дагы жардам берилип жатат. Лөлү тектүүлөрдүн өздөрүнүн айыл башчылары бар. Алар дагы учурдагы абалды түшүнүү менен туура кабыл алып жатышат. Кыйналгандардын каттоосуна карабастан жардам берилип жатат", - дейт Узарбек Жылкыбаев.

Мындан тышкары Ош облусунда 28 миң үй-бүлө аярлуу катмарга кире тургандыгы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rususu
2020-04-14 16:56:08
Лолулор ушерде да лолулугун кылып биринчи алып аткандыр
+3
Agayu
2020-04-14 17:47:23
Эмнеге мигранттар үчүн эч ким эч кандай реакция кылбайт жэ биз лөлүлөрдөн да начарбызбы ????
-1
Adi010891
2020-04-14 18:19:58
Agayu,мигранттар шайлоодо, анан акча которуда кана керек экенда. Чет жердеги мекендештер эмне болду, эмне кун коруп атышат, ден соолук-ал акыбалдары кандай, бул тууралу маалымат окубадым. Жок дегенде ошолордун жашоо шарттын жазып койсонор боло
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан