Бир суткада өлкө боюнча 49 медкызматкер илдетти жуктуруп алганы тастыкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

Анын 14ү дарыгер, калгандары медперсоналдар.

Бишкек шаарында – 4;
Чүй облусунда – 11;
Ош шаарында – 8;
Ош облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 7;
Ысык-Көл облусунда – 9;
Талас облусунда – 3;
Нарын облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 17 медицина кызматкери айыгып ооруканалардан чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 52 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Республика боюнча 2 миң 527 медкызматкер илдетти жуктуруп алса, алардын ичинен 1 миң 160ы айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан