Дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын бири болгон "Air Canada" дүйнөнү каптаган пандемиянын кесепетинен 15 миңден ашуун жумушчусун кыскартканга мажбур болду. Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, авиакаттамдардын саны кыскаргандыгына байланыштуу компания 15 миң 200 адамды жумуштан кетирип жатат. Ошону менен бирге эле 1 300 жумушчу акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгууга мажбур болушкан.
"Мындай сандагы адамдарды кыскартуу компания үчүн өтө оор чечим. Бирок ушундай жол менен гана компания алдыда келе жаткан кризиске турушттук бере алат", - деп жазылат маалыматта.