Баткенде дарыгерлер үймө-үй кыдырып, оорулууларга жардам көрсөтүүдө

Бүгүн, 23-июлдан тарта Баткен облусунун бардык район шаарларында, дарыгерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үймө үй кыдыруу жумуштарын баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

Ага ылайык, мобилдүү топтор, жер жерлерде элдин саламаттыгын текшерип, медициналык кеңеш берип, жардам көрсөтүшөт. Зарыл болсо ооруканада дарыланууга жиберет, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул аракет кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жасалууда.

Акыркы бир сутка ичинде Баткен облусунда коронавирус инфекциясы 63 адамдан аныкталса, 2 бейтап каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан