Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 15 миңден ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Сима Садат Ларинин берген маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышкан.
Андагы маалыматка ылайык, акыркы бир сутка ичинде 2 миң 621 адамдан коронавирус аныкталып, 221 бейтап каза болгон.
Ал эми өлкөдө бул илдетти жалпысынан 284 миң 34 адам жуктуруп алса, тилекке каршы 15 миң 74 адам каза болгон.