Францияда AstraZeneca вакцинасы менен эмделгенден кийин сегиз адам каза болду

Францияда тромбоздон 8 адам каза болду. Тромбоз AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөдөн өткөндөн кийин пайда болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Дары-дармектердин коопсуздугу боюнча улуттук агенттиктин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Францияда 2 миллион 72 миң (8-апрелге карата) адам аталган вакцина менен эмделген. Эмдөө кампаниясы башталгандан бери өлкөдө тромбоздун 23 учуру катталып, алардын сегизи өлүмгө алып келген.

Апрель айында Европалык дары-дармек агенттигинин (EMA) өкүлү Марко Кавалери AstraZeneca вакцинасы менен тромбоздун ортосунда байланыш бар экенин тастыктады. Бирок ал регулятор вакцинаны колдонуу тромбозду кандайча алып келерин так аныктай электигин билдирген. Ошондой эле кандын уюп калуу коркунучун дарынын сейрек кездешүүчү терс таасирлеринин тизмесине киргизүүнү талап кылган, бирок вакцинанын пайдасы андай коркунучтардан кыйла жогору экендигин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, Францияда AstraZeneca вакцинасы менен 55 жаштан жогору курактагыларга гана эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira...
2021-04-18 20:44:55
Меркел эмне болду экен анда.
+3
zhazgul98
2021-04-18 20:56:33
Баары эле каза болуп кеткен жок. Каза болсо башка себептен да каза болушу мумкун. Жапырт олуп калган жери жок. Бир экоо олуп калса, бутундой элдин журогун ала беришет экен булар.
-4
Apyn8793
2021-04-19 02:35:22
Француздар, Ысык-Колдун уу коргошун ичкиле, эч кимин олбойсунор
+4
Zumrudianka
2021-04-19 02:37:09
Ажал жетсе олот ким болбосун. Вакцины чыкканга чейин канча адам олду, бул бешене.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан