Коңшу Өзбекстанда акыркы бир сутка ичинде 573 адам COVID-19 илдетине кабылды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматына таянуу менен жазышууда.
Ага ылайык, бир суткада 573 адам илдетке кабылган. Муну менен аталган өлкөдө жалпы 20 миң 226 адам коронавирусту жугузуп алган. Бир суткада 359 бейтап сакайып, ооруканадан чыкса, 5 адам каза болгон.
Коронавирус илдети башталгандан бери Өзбекстанда 10 миң 831 бейтап сакайган. Тилекке каршы, 112 адам оорудан каза болгон.
Өзбекстанда коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 15-мартта катталган.