Ишкерлер жумушу башталганда кадимкидей салык төлөп башташат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Негизи бизде ишкерлерди өзгөчө абал режиминде колдоо боюнча өкмөттүн атайын токтому чыккан. Ага ылайык, айрым жеңилдиктер берилген. Бирок учурда экономикалык тармак этап-этап менен ишке кире баштады. Андыктан ишкер киреше таап баштаганда, анын салыгын милдеттүү түрдө төлөй башташы керек", - деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри.