Кытай COVID-19дун жаңы жугуштуу түрүнүн ылдамдыгы жогорулагандыгын жарыялады

Алдын-ала изилдөөлөргө ылайык, COVID-19дун жаңы мутацияланган жугуштуу түрү 10дон 70 пайызга чейин адамдарда жугуу көрсөткүчү жогорулаганын Кытайдын оорулардын көзөмөлдөө жана алдын-алуу борборунун жетекчисинин орун басары Фэн Цзыцзянь билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ага ылайык, акыркы убактагы коронавирустун мутацияланган түрүн изилдөөлөрдө анын жугуштуулугу жогорулагандыгы байкалган. Анда 10 пайыздан 70 пайызга чейин жогорулаган.

"Коронавирустун жаңы мутацияланган түрү Европада, өзгөчө Улуу Британияда. Аталган өлкөлөрдө салыштырмалуу абал оор", - деген Фэн Цзыцзянь.

Цзыцзянь кошумчалагандай, үй-бүлөлөрдө ооругандардын саны көбөйгөнү байкалган.

Буга чейин, декабрь айынын аягында Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылганы айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazarnew
2021-01-13 20:19:55
Короче уже это ..вирус, норма жашаш керек уже дальше, кудай качан тынчыйсын десе ошол убакта тынчыйсын.
+3
Veneraakmatova
2021-01-13 20:52:06
Кудай сактасын. Азайат деген сайын көбөйүп жатат го.
+3
Assa0000
2021-01-13 20:56:49
Кудайым ОЗУ сактасын
+5
saparu
2021-01-13 21:52:08
Кудай сактасын атайын эле чыгарып жатышат булар
0
Baiaman997
2021-01-13 22:13:14
Сезон башталып жататда
0
Bolotbek9191
2021-01-14 06:43:16
Эх Аллах озун сактай кор
0
munarbek.92
2021-01-14 11:40:53
ушул коронавирус тойгоздуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан