Бүгүн, 28-июлга карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 1 миң 367 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Тизмеде:
Улуттук фтизиатрия борборунда - 0;
Темир жол ооруканасында - 17;
Улуттук хирургия борборунда - 14;
Улуттук госпиталда – 164;
№1 интернатта – 100;
Воронцовкадагы курортологияда – 205;
№1 шаардык клиникалык ооруканасында – 34;
"Семетей" госпиталында – 531;
Интергельподо – 0;
Көзү азиздер жана көрүүсү начар балдар интернатында – 48;
"Discovery" мейманканасында – 23;
"Rixon" мейманканасында – 21;
"Ынтымак" медресесинде – 37;
Республикалык наркология борборунда – 89;
Суворов окуу жайынын имаратында – 47;
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында – 22;
Кардиология жана терапия улуттук борборунда – 15.