Коронавирустан айыккан адамдар ден соолугун кантип калыбына келтирүүсү керектиги айтылды

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева бүгүн, 29-июлда онлайн брифингде коронавирустан айыккан адам ден соолугун кантип калыбына келтирүүсү керектигин айтты.

"Бүгүнкү күнү 23 миңден ашык адам коронавирустан айыгып чыкты. Көпчүлүк адамдар айыгып чыккандан кийин дем алуусу кыйындаганын, алсыраганын, тез чарчап каларын айтып жатышат.

Коронавирустан кийин организмди калыбына келтирүү узак мөөнөттү талап кылат. Калыбына келтирүү процесси ар кимде ар кандай өтөт. Ал дарттын оордугуна, организмге жараша болот.

Дем алуу гимнастикасы, физикалык активдүүлүк, белок камтылган витаминдерге бай келген толук кандуу тамактануу зарыл. Суук тийгизип алуудан сактануу керек. Дем алуу гимнастикасы дем алуу органдарын жакшыртууга, канды кычкылтек менен байытууга жардам берет.

Илдеттен айыккандан кийинки биринчи күндөрү денеге көп күч келтирбөө керек. Жай басуу, таза абада 30 мүнөт сейилдөө шарт. Толук тамактануу зарыл. Күн сайын көбүрөөк суюктук ичүү керек. Компот, лимон, жалбыз кошулган чай ичүү шарт. Куурулган, туздалган, ышталган тамак-аштарды жана таттууну чектөө керек. Оорудан айыккан адамдар бардык санитардык эрежени сактоону улантышы абзел. Социалдык аралыкты кармануу, бет кап тагынуу, адамдар көп жүргөн жерлерге барбоо зарыл",
- деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан