Москвадан Ошко келген дарыгерлердин чыгымын толугу менен "Исмаил Матраимов" фонду каржылады

Социалдык тармактын колдонуучулары "Исмаил Матраимов" фондуна Москвадан келген дарыгерлерди сый-урмат менен тосуп алганына ыраазычылык билдиришүүдө.

"Дарыгерлерди тосконуңар кыргыз элин оорудан тосконуңар. "Исмаил Матраимов" фонду Москвадан келген дарыгерлерди сый-урмат менен тосуп алышты. Азаматтар! Фонд илдет менен күрөшүүдө өзүнүн кайрымдуулук иштерин улантууда.

Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Москвадан келген медиктердин авиабилети, жатаканасы, тамак-ашы, айлык акысы боюнча чыгымдарын өз жоопкерчиликтерине алышты. Мекенчилдик сезими, жоомарттык мүнөзүнө ыраазыбыз", - деп жазган колдонуучулар.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев: "Буюрса Бишкек шаарында илдеттин таркашынын жогорку чегинен өтүп жаткансыйбыз. Региондорубузга ушул илдет жетпесин, бирок ал жактарда ар кандай ушуга окшогон даярдыктар көрүүсү абзел. Ыктыярчыларыбызга Аллах ыраазы болсун!" - деп жазган баракчасына.

Буга чейин Ош шаардык мэриясынан 15 медициналык дарыгер Москвадан учуп келишкенин билдиришкен.

5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: "Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болуп жатат", - деп билдирген. Ошол күндөн тарта фонд тарабынан ачылган стационарлар керектүү дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен каржыланууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tomiris96
2020-07-19 15:22:22
Азамат!
0
Aranida
2020-07-19 16:55:25
Москва -Ош каттамы качан ачылаарын ким билет? билгендер болсо жазып койгулачы сураныч...
0
rola
2020-07-19 20:38:49
Матраимов кыймылдап атат.Калгандары шайлоого даярдангандан бошобой атышабы?
0
algakaray
2020-07-20 06:37:17
Чын дилден жардам берсе анда эн сонун. Кийинкиге бийлике келиштин амалын кылып аткандар да болушу мункун деп ойдойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан